Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXX (отузунчу) сессиясы
2020-жылдын 24-декабры №191/XXX-27
Алмалуу айылынын тургундарынын №03-47/Кл-79 2020-жылдын 24-декабрындагы “Алмалуу айылынын Маданият үйүн спорт багытына колдонууга өткөрүп берүү жөнүндө” кайрылуусун кароо жөнүндө
Алмалуу айылынын тургундарынын №03-47/Кл-79 2020-жылдын 24-декабрындагы “Алмалуу айылынын Маданият үйүн спорт багытына колдонууга өткөрүп берүү жөнүндө” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасы Т.Чолпонбаев кайрылуу менен тааныштырды жана кайрылууну карап,талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Алмалуу айылынын тургундарынын №03-47/Кл-79 2020-жылдын 24-декабрындагы “Алмалуу айылынын Маданият үйүн спорт багытына колдонууга өткөрүп берүү жөнүндө” кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Алмалуу айылынын Маданият үйүнүн көрүүчү залы гана мөөнөтсүз күрөш залы катары пайдаланууга берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |