ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXX (отузунчу) сессиясы
2020-жылдын 24-декабры №192/XXX-27
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү иштеринин аткарылышы жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Тологоновдун отчетун угуу жөнүндө
2020-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планынын 11 айдагы аткарылышы жөнүндө: Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Тологонов билдирүү берди: 2020-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планы 96251,8 м.с. жана анын аткарылышы 55781,5 м.с., же болбосо 57,95 % гана аткарылган. (аткарылган иштер боюнча билдирүүсү тиркелет). Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Тологоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планынын 11 айдагы аткарылышы жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Тологоновдун билдирүүсү көңүлгө алынсын жана “канаатандырарлык” деп белгиленсин.
2. Белгиленген аткарылбай калган иш- чараларды аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын .
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Билдирүүсү тиркелет.
Төрага | Т. Чолпонбаев |