Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 1/I-28
Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 28,29,37,38-беренесине ылайык жана эсептөө комиссиясынын 14.05.2021ж. №1- протоколунун чечиминин негизинде жашыруун добуш берүү бюллетенине киргизилген талапкерлер:
1. Бейшекеев Жоомарт Бейшекеевич макул : 12 добуш.
2. Ибраимов Нурлан Таалайбекович макул: 4 добуш.
3. Усупбаев Артык Бектурсунович макул: 5 добуш.
Баарына каршы: жок.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү Кенештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 28,29,37,38- беренесине ылайык жана эсептөө комиссиясынын 14.05.2021ж.№1-протоколунун чечиминин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын теңинен көп добушун алган 12 (он эки) добуш Бейшекеев Жоомарт Бейшекеевич Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасы болуп шайлансын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Ысык-Ата айылдык Кенешинин аксакал депутаты | К.А.Тенизбаев |