Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 5/I-28
Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 28,29,30,33,34-беренесине, “Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамга ылайык жана депутаттар: Усупбаев А.Б., Ниязалиев Э.К. сунуштарын угуп, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиянын курамы 5 депутаттан түзүлсүн:
1. Бердиматова Элвира Бекбергеновна №2-шайлоо округунун депутаты.
2. Тенизбаев Камбарбек Асипбаевич №4-шайлоо округунун депутаты.
3. Садыбаева Гулсинат Жекшеновна №1-шайлоо округунун депутаты.
4. Дуйшенов Элдияр Токтосунович №2-шайлоо округунун депутаты.
5. Токтобеков Айбек Адылбекович №1-шайлоо округунун депутаты.
2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы- Бердиматова Элвира Бекбергеновна бекитилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |