Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги II (экинчи) сессиясы
2021-жылдын 11-июну № 11/II-28
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 47-беренесинин, Кыргыз Республикасынын БШК 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтомунун негизинде бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндөгү» Жобонун жана 2021-жылдын 25-майындагы №311 “Ысык-Ата районунда айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө” токтомунун Ысык-Ата райондук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун чечиминин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кабыл алат :
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 12 ( он эки) добуш алган Тологонов Аскат Момуналиевич шайлансын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |