Редакцияот 18.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 18-декабры №109/ XXVI-27

 

Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында  Ысык-Ата райондук сот аткаруучуларынын токтомуна ылайык  кызматтык авто унаанын мамлекеттик алымын  төлөп күрөөдөн чыгаруу, Нурманбет айылындагы   “Гүл Балалык” балдар бакчасынын оң капталындагы ҮБДТнын  жана  күндүзгү стационар уюштурулган бөлмөнүн электр тутумдары ээрип жараксыз болгондуктан, А.Токтоналиев айылындагы шайлоо участкасын жылытууга ага 3 фаза кошууга электр тутуму менен камсыздоо  ошондой эле жыл жыйынтыгы менен айыл өкмөттүн кызматкерлерин жана айрым кызматкерлерди сыйлоо маселеси карап чыгып  жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кызматтык авто унаанын мамлекеттик алымын  төлөөгө 70111 бөлүгүнүн  2823 статьясына  23642сом эркин калдыктан  бөлүнсүн.

2.“Гүл Балалык” бала бакчасынын оң канатында ҮБДТнын  жана күндүзгү стационардын электр тутумдарын которуу иштерине  70911 бөлүгүнүн  2222 статьясына 44630сом  эркин калдыктан бөлүнсүн.

3. А.Токтоналиев айылындагы шайлоо участкасына электр тутумун сатып алууга 70823 бөлүгүнүн 2222 статьясына 2100сом эркин калдыктан  бөлүнсүн.

4.Аппарат кызматкерлерин жыл жыйынтыгы менен куттуктап аларды сыйлоого  70111 бөлүгүнүн 2111 статьясына 145846сом жана 2121 статьясына 25158сом жана 70629 бөлүгүнүн 2111 статьясына 6588 сом жана 2121 статьясына 1136сом ошондой эле 70823 бөлүгүнүн 2111 статьясына 9000сом жана 2121 статьясына 1552сом  эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова