Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-декабры №113/ XXVI-27
2021-2022-2023-жылдардын бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында2021-2022-2023-жылдардын бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзгөн божомол бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 13037,4миң сомго, чыгаша булагы 13 037,4миң сомго атайын каражаттар боюнча 1200,0 миң сомго, ал эми чыгаша булагы 1200,0 миң сомго бекитилсин.
2.Каржы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери П.Джумабекова, С. Омуралиева-айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн ошондой эле мурунку жылдардын калган карыздардын негизинде 100% аткаруу милдетендирилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн киреше булагынын божомолу 2022-жылга 7 781,2миң сом, ал эми 2023-жылга 7888,2миң сомго жактырылсын.
4.Айыл өкмөтүнө бөлүштүрүлгөн теңдөөчү грант 2021-жылга 6590,4миң сомго,2022-жылга 6226,3миң сомго жана 2023-жылга 6215,7миң сомго жактырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Сагынбекова |