Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-январы №115/ XXVII-27
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине ылайык Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы П.Джумабекованын 2020–жылдагы Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө маалымдамасын талкуулап,жергиликтүү бюджеттин айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталганын белгилеп айылдык кенеши токтом кылат:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2020 -жылга 15308,9миң сомго киреше жана чыгаша булагынын аткарылышы кабыл алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагы 14237,4 миң сомго жана анын ичинен теңдештирүү грантыныны киреше жана чыгашасы 6590,4 миң сомго ошондой эле атайын каражаттар боюнча кирешеси жана чыгашасы 1200,0 миң сомго бекитилсин. Чыгашалары төмөнкү бөлүктөргө бекитилсин
- Аппарат 3594,7миң сом - Социалдык камсыздоого 582,0миң сом
- ЖКХ 3316,8 миң сом - Жайытка 100,0 миң сом
- Коомдук тартип 8,0 миң сом - Атайын эсеп 1200,0 миң сом
- Библиотека 346,4 миң сом - Баладар бакчалары 1165,5 миң сом
- Мектептерге 3311,9миң сом - Клуб 612,1 миң сом
3.2021-жылдын эркин калдыгы 4528,5 миң сом бекитилсин. Атайын каражаттардын эркин калдыгы 160,7миң сом бекитилсин.
4.Айыл өкмөтүнүн накталай кассалык обороту 50,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.2021-жылга карата бөлүмдөр боюнча штаттык жүгүртмөлөр төмөнкүдөй бекилсин:
70111 Аппарат -2961,4 миң сом 70821 Китепкана -182,9миң сом
70629-ЖКХ -382,9миң сом 70823 Клуб -352,1миң сом
6.Нурманбет айыл өкмөтү эркин калдыктан 2021-жыл ичинде Нооруз күнүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата аппарат кызматкерлерин сыйлоо жана аларга дем берүү максатында аппарат кызматкерлерине 1 айлык маянадан каралсын 70111 бөлүктүн 2111 элементине 454,5миң сом, 2121 элементине 78,4миң сом каралсын.
7.ОсОО “Тянь-Шань Импекс” ишканасына карызын төлөөгө акт сверканын негизинде 70,9миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
8.Кызматтык унаанын мамлекеттик алымын төлөөгө 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясына 24,0 миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
9.А.Молдокулов атындагы орто мектебине терезе парда жана актовый залына портьер сатып алууга 70921 бөлүгүнүн 2222 статьясына 30,0миң сом жана 3112 статьясына 40,0миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
10.Айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы Нива 21214 эскилиги жеткендигине байланыштуу сатыкка коюлсун жана кайра жаңы кызматтык автоунаа сатып алууга 2011-жылдын 30-декабырдагы №767 токтомдун негизинде 750,0 миң сом каралсын.
11.М.Койбагаров атындагы орто мектебинин эшик терезелерин долбоор аркылуу которууга өздүк салым катары 70921 бөлүгүнүн 2215 статьясына сметчиктин жана техникалык көзөмөл жүргүзүүчү адистин эмгек акысын төлөөгө 68,9 миң сом ал эми 3111 статьясына 21,1 миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
12.“Гүл Балалык” бала бакчасынын чатырын жана айрым терезе эшиктерин долбоор аркылуу которууга өздүк салым катары 70911 бөлүгүнүн 2215 статьясына сметчиктин жана техникалык көзөмөл жүргүзүүчү адистин эмгек акысын төлөөгө 46,2 миң сом ал эми 3111 статьясына 133,8 миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
13.А.Токтоналиев айылына 2 комплект балдар аянтчасын курууга ошондой эле Нурманбет жана Первомай айылдарындагы мурунку курулган балдар аянтчаларына кошумча шаймандар менен кошумчалоо иштерине 70629 бөлүгүнүн 3112 статьясына 300,0 миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
14.Нурманбет айылындагы китепкананын полун жана терезелерин которуу иштерине 70821 бөлүгүнүн 3111 статьясына 150,0 миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
15.А.Молдокулов атындагы орто мектебине от калоочу имараттын кароолчуларына эс алуучу имарат курууга 70921 бөлүгүнүн 3111 статьясына 100,0миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
16.Нурманбет, Первомай жана А.Токтоналиев айылдарына түнкү жарыктандыргычтарды орнотуу иштерине 70629 бөлүгүнүн 222 статьясына 150,0 миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
17.Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысына 2021-жыл ичинде киреше жана чыгаша бөлүгүн ашыра аткаруудан жана эркин калдыкты колдонуудан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү бекитилген сметага тактоо жана өзгөртүү киргизүү укугу берилсин.
18.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Сагынбекова |