Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-январы №119/ XXVII-27
Нурманбет айыл аймагындагы мекемелердин таза сууга болгон баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15-июлунун 2011-жылдагы №101 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 4.пунктуна ылайык Нурманбет айыл аймагындагы мекемелердин таза сууга төлөм акыларын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кенеши токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагындагы “Гүл балалык” балдар бакчасы,”Эпкин Нур” балдар бакчасы,М.Койбагаров атындагы орто мектеби,А.Молдокулов орто мектептеринин таза сууга болгон төлөмү 30 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Сагынбекова |