Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-январы №120/ XXVII-27
Нурманбет айыл өкмөтү менен Ысык-Ата райондук мамлекеттик
статистика бөлүмүнүн ортосундагы статистикалык маалыматтарды топтоого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңеши кезектеги сессиясында Нурманбет айыл өкмөтү менен Ысык-Ата райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосундагы статистикалык маалыматтарды топтоого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” мыйзамынын 20- беренесинин 2- пунктуна жана Кыргыз Республикасынын
“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамына таянып токтом кылат:
1. Нурманбет айыл өкмөтү менен Ысык-Ата райондук мамлекеттик
статистика бөлүмүнүн ортосундагы статистикалык маалыматтарды топтоого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишими бекитилсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | Ж.Сагынбекова |