Редакцияот 17.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 17-марты №121/ XXVIII-27

Каржы каражатын  бөлүштүрүү  жөнүндө

 

      Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында 2021-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планында каралган долбоорлорду ишке ашыруу максатында  каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Таза-Суу долбоорунун проектик жана сметалык документтерин бүтүрүүгө 70629 бөлүгүнүн 2215 статьясына 300 000сом жана ал долбоорго өздүк салым катары 70629 бөлүгүнүн 3111 статьясына 500 000сом эркин калдыктан бөлүнсүн.

2.Нурманбет айыл аймагындагы жолдорду асфальттоо (шипования)  иштерин аткарууга проектик жана сметалык документтерин бүтүрүүгө 70629  бөлүгүнүн 2215 статьясына  100 000сом эркин калдыктан бөлүнсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

Ж.Сагынбекова