НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-марты №122/ XXVIII-27
Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагында Нооруз майрамын өткөрүүгө 70823 бөлүгүнүн 2215 статьясына 30 000миң сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
2.Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана архивариус башчысына компьютердик зыяндуулук үчүн 70111 бөлүгүнүн 2111 статьясына 248017сом ал эми 2121 статьясына 42783сом ошондой эле ЖКХ бөлүгүнүн 2111 статьясына 18117 сом ал эми 2121 статьясына 3125сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
3.Нурманбет айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлерин жана архив башчысын Нооруз майрамына карата аларды сыйлоо иретинде Клуб бөлүгүнүн 2111 статьясына 15625сом ал эми 2121 статьясына 2695сом, Библиотека бөлүгүнүн 2111 статьясына 13000сом ал эми 2121 статьясына 2243сом, ЖКХ бөлүгүнүн 2111 статьясына 6588 сом ал эми 2121 статьясына 1136сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | Ж.Сагынбекова |