Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-марты №123/ XXVIII-27
Нурманбет айыл аймагынын жайыт колдонуучуларынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жайыт колдонуучулардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы 2018-2022-жылдарга карата жайыттарды пайдалануу планын, мал башына төлөмдөрүн, жайыт комитетинин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жайыт комитети сунуштаган бир жылда бир жолу төлөнө турган төлөмдөр төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
-ири мүйүздүү бодо малдын башына -86 сом
-жылкы башына -86 сом
-тай,торпок башына-86 сом
-кой ,эчки башына -17 сом
-жайыттын төрагасынын айлык акысы-5000 сом
-эсепчинин айлык акысы-4000 сом
-кароолчунун айлык акысы-1000 сом
-эмгек акылары 10 айга эсептелсин.
2.2018-2022-жылдарга карата жайыт колдонуучулардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү планы бекитилсин.
3.Жайыт комтитетинин 2021-жылга сунушталган бир жылдык бюджети 220000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | Ж.Сагынбекова |