Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы №124/ XXIX-27
Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча маалыматты карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазиевге жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык башчысы П.Джумабековага:
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин аткарылышы сакталып, жергиликтүү бюджеттен башка деңгээлде турган уюмдардын кызматкерлерине майрам күндөрүнө карата сый акылар төлөнүү токтотулсун;
-Айыл өкмөтүнө берилген электр энергиясын пайдаланууга бекитилген мерчемдер сакталсын;
-Айыл өкмөтүнүн электр энергиясынын эсептөөлөрүнө кошумча чыгымдар кошулбасын. Айыл өкмөтү тарабынан коюлган түнкү жарыктардын чыгымдары жергиликтүү жашоочуларга жүктөлсүн.
2.Первомай айылына отургузулган Павлония бактары өсүп жетилгенче карап багып турууга кошумча 3 техникалык тейлөө персоналдарына штаттык бирдиктеги эмгек акысы төлөнсүн.
3.Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазиевге жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Артыкбаевге:
-Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун талап кылынбай калган жерлеринин санын азайтуу боюнча иштер аткарылсын.
-өз убагында кайталап конкурска жарыя берилип,бюджеттик жоготуулар жок кылынсын.
4.Нурманбет айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар кеңешмесине;
-Жайыттар үчүн 132,4 миң сом суммасындагы жер салыгы өндүрүлсүн.
5.Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазиевге эскертүү берилсин жана жогорудагы көрсөтүлгөн кемчиликтер кайталанбасын.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | Ж.Сагынбекова |