Редакцияот 23.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХV сессиясынын

2020-жылдын 6-ноябры № 5

“ Социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө”

      Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXV сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2021-2024-жылдарга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планынын экономикалык бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2021-2024-жылдарга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планынын экономикалык бөлүгүнө №1 тиркемеге ылайык өзгөрүүлөр киргизүү менен бекитилсин.

2.    Бекитилген иш планды ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

3.    Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо  жана Жалал-Абад областтык юстиция  башкармасынан каттоодон өткөрүп  келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтом чыгарылган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы:

А. Масабиров