Редакцияот 06.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХV сессиясы

2020-жылдын 6-ноябры № 10

“ Ар түрдүү маселелер жөнүндө”

      Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXV сессиясы, Бешик-Жон айылдык Кеңештин VII чакырылышын кезектеги ХXV сессиясына коюлган ар түрдүү маселелрге жазылган Боромбай-Журт участоктогунан трансформациядан чыккан жердин 3,70га жер аянтын Айгыр-Жал учатогуна которуу жөнүндөгү кадастр мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын картографы А.Калмурзаевтин жана Базар-Коргон шаар курулуш жана архитектура адиси М.Буркановдун, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Дыйкановдун биргелешип түзгөн актысын угуп жана талкуулап   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бешик-Жон айылындагы Боромбай-Журт участоктогунан трансформациядан чыккан жердин 3,70га жер аянты Айгыр-Жал учатогуна кайракы жерге которулсун.

2.    Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо  жана Жалал-Абад областтык юстиция  башкармасынан каттоодон өткөрүп  келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет,онор жай,курулуш,муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу,элге керектуу товарлар жана кызмат корсотуулор боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы:

А. Масабиров