БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХV сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры № 17
“Айрым чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXV сессиясы, Бешик-Жон айылдык Кеңештин VII чакырылышын кезектеги ХXV сессиясында санитардык эпидемиологиялык абалды эске алып, айрым чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө Г.Муркамилованын сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санитардык эпидемиологиялык аралыкты сактоону, тай-аштарга , маареке, кырктарга эл көп чогулуучу маарекелерди өткөрүүгө тыю салынганына карабастан өткөрүп жаткан жарандар бузуулар кодекси боюнча жоопко тартылсын.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |