Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 38
Тике суу кудуктарын казуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат:
1. Аэропорт участкасынан таза суу чыгаруу үчүн тике суу кудуктарын (таза суу) казып, элди таза суу менен камсыз кылуу максатында Аэропорт участкасынан 3822 м2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Мажитовго жүктөлсүн.
Төрага | Ибраим уулу Т. |