Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 39
Беккер чуңкурун курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “ Жер участокторун которуу (трасформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобосуна ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трасформациялоо) жөнүндө, Ак-Татыр айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр жана Рават айылдарынын орто чениндеги Кызылкошун участкасынын батыш тарабынан №4797 контурдан ооруулуу малдардын өлүгүн зыянсыздандыруу үчүн беккер чуңкурун курууга 0,50 га жерге макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Мажитовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Зарматова З. |