Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
2021-жылдын 5-майы № 26
Жер бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Ж.Момунов атындагы орто мектебине караштуу түштүк батыш тарабынан 0,2 га жер тилкесин, ИИМнин Баткен ОИИБнын Баткен РИИБнин милиция кызматкерлерине административтик аймак (опорный пункт),жер бөлүп берүү жөнүндө Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Ж.Момунов атындагы орто мектебине караштуу түштүк батыш тарабынан 0,2 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ибраим уулу Т. |