Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
2021-жылдын 5-майы № 19
Элдерди коопсуз жайларга көчүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы калкты коопсуз райондорго эвакуациялоо жана көчүрүү , ошондой эле материалдык , маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө № 219 сандуу токтомунун негизинде Орто-Боз жана Ак-Татыр айылдарынын тургундарын убактылуу кооптуу жайга көчүрүү максатында Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясы токтом кылат
1. Тажик-Кыргыз чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз жана Рават айылдарында айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен уюштуруу топтору түзүлсүн.
2. Тажик-Кыргыз чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарынын аялдар менен балдарды, ооруулар менен мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарды, кары картаңдарды, коопсуз деп эсептелген Рават айылына качкан элдерди жайгаштыруу иш чараларын аткарууну координациялоо уюштурулсун.
3. Убактылуу кабыл алуучу жайларга келген тургундарды ар тараптан камсыздоо, тамак аш менен камсыз кылуу уюштуруу тобунун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Өзгөчө кырдаалдар учурунда өзгөчө жабыр тарткан жарандарды тактоо менен бирге, гуманитардык жардамдын туура жеткирилүүсү камсыз кылынсын.
5. Туруктуу жашаган элдердин арасындагы жаш балдар менен жардамга муктаж адамдардын эвакуацияланышы жана кокустан жарат алгандардын медициналык жактан тез жардам менен камсыз болушун көзөмөлгө алсын.
6. Тажикстан – Кыргызстан ортосунда чыккан чыр-чатактын кесепетинен чыккан өзгөчө кырдаалдын айыдан адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана эвакуациялоо, кооптуу участкаларды коргоо жана калктын туруктуу жашоосу жана коопсуз эвакуацияланышы, күч структуралардын иштешин камсыз кылуу үчүн тамак-аш, күйүүчү май жана керектүү материалдар менен камсыз кылуу максатында иш алып барсын.
7. Элди эвакуациялоого, гуманитардык жардамдарды жеткизүүгө жана таркатууга жана башка кырдаалга жараша зарыл болгон иштер аткарылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Зарматова З. |