Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
2021-жылдын 5-майы № 20
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Көк-Терек участкасында, тажик - кыргыз чыр-чатак жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Көк-Терек , Жака-Өрүк жана Мазеиттин жери участкаларында Тажикстан – Кыргызстан ортосунда чыккан чыр-чатактын кесепетинен чыккан өзгөчө кырдаалдын айыдан адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана эвакуациялоо, кооптуу участкаларды коргоо жана калктын туруктуу жашоосун жана күч структуралардын иштешин камсыз кылуу максатында Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясы токтом кылат
1. Тажикстан-Кыргызстан ортосунда чыккан чыр-чатактын кесепетинен өзгөчө кырдаалдын айыдан адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана эвакуациялоо , кооптуу участкаларды коргоо жана калктын туруктуу жашоосун жана коопсуз эвакуацияланышы , күч структуралардын иштешин камсыз кылуу үчүн тамак-аш , күйүүчү май жана керектүү эмеректер жана материалдар менен камсыз кылуу иши жүргүзүлсүн.
2. Көк-Теректе жашаган тургундардын арасындагы жаш балдар менен жардамга муктаж адамдардын эвакуацияланышы жана кокустан жарат алгандарды медициналык жактан тез жардам менен камсыз болсун.
3. Көк-Терек участкасында жабыркаган үй-бүлөлөр убактынча коопсуз жерге жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Зарматова З. |