Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
2021-жылдын 5-майы № 21
Жер бөлүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Мажитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясы токтом кылат
1. Тажикстан – Кыргызстан ортосунда чыккан жаңжалга байланыштуу Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Көк-Терек участкасында жабыркаган үй-бүлөлөргө ар тараптан моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүлсүн.
2. Тажикстан – Кыргызстан ортосунда чыккан чыр-чатактын кесепетинен , Көк-Терек участкасында жабыркаган үй-бүлөлөргө турак жайды жана социалдык куруулмаларды курууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Зарматова З. |