Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2021-жылдын 27-апрели № 13
Жер бөлүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы токтом кылат:
1. Аэропорт участкасынан таза суу чыгаруу максатында скважина казып, ичүүчү суу чыгарып, элди таза суу менен камсыз кылуу максатында 0,20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ибраим уулу Т. |