Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2021-жылдын 27-апрели № 14
Жер тилкесин которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “ Жер участокторун которуу (трасформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобосуна ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трасформациялоо) жөнүндө, Ак-Татыр айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын түндүк батыш тарабынан (таштанды төгүү жай катары) 1,0 га жер аянты, Рават айылынан түндүк батыш тарабынан (таштанды төгүү жай катары) 1,0 га жер аянты, Ак-Татыр айылынан түндүк батыш тарабынан (суу тосмосун куруу ) 0,50 га жер аянты, жалпысынан 2,50 га жер аянты мамлекеттик менчикте турган “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңешинин Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Мажитовго жүктөлсүн.
Төрага: | Ибраим уулу Т. |