Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2021-жылдын 27-апрели № 16
Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин Жайыт комитетинин Уставын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы, Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин Уставын карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин Уставы бекитилсин.
Тиркемеси тиркелет 10 барак
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ибраим уулу Т. |