Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
2021-жылдын 27-апрели № 17
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Андиген таза суу ишканасынын тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Андиген таза суу ишканасынын жетекчиси И. Өмүровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн “Андиген таза суу” ишканасынын 2021-жылдын экинчи кварталына карата таза суу тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
Тиркемеси тиркелет 1 барак.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ибраим уулу Т. |
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги
XVII сессиясынын № 17 токтомуна
1- тиркеме
Таза суу төлөмдөрүнүн тарифтери:
“Андиген таза суу” пайдалануучулар коомдук бирикмеси 2021-жылга Ак-Татыр жана Орто-Боз айыл тургундары жана өндүрүш ишканалар үчүн төлөм тарифи.
№ | Суу пайдалануунун түрлөрү жана винтил, шлаганын размери | Бир айга сом | Бир жылга сом | Эскертүү толлуктоолор |
1. | Жалпы таза суу пайдалануучулар үчүн (бир адам башка)
| 10-00 | 120-00 | Сессияда каралды |
2. | Жеке суу түтүктөрү үчүн мыйзамдуу келишим менен а) 0,50 – 0,40 размериндеги шланга менен алгандар үчүн; б) 0,32 размер шланга менен алгандар үчүн; в) 0,20 – 0,15 размер шланга менен алгандар үчүн
|
350,00
200-00
120-00 |
4200 сом
2400 сом
1440 сом |
Келишим менен
Келишим менен
Келишим менен |
3. | Больница, мектеп жана бала бакчалар үчүн
| 200-00 | 2400 сом | Айыл өкмөт каржылайт |
4. | Өндүрүш ишкана жана ашканалар
| 300-00 | 3600 сом | Келишим менен |
5. | Баня жана мойкалар
| 400-00 | 4800 сом | Келишим менен |
“Андиген таза суу” ПКБнын төрагасы: И.Өмүров