ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 26-июлу № 16
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аткарылгандыгы жөнүндө даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүгүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Сайкалова |