Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги III-сессиясы
2021-жылдын 26-июлу № 19
Чек айылынын тургуну жеке ишкер Р.Курбанбаевтин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл аймагынын Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы 1.10га жайыт жеринин категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча Чек айылынын тургуну жеке ишкер Р.Курбанбаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы №273-контрундагы жайыт жеринен 1.10га жер аянты жайыттар категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын Чек айылынын+ Төө-Таш участкасындагы №273-контрундагы жайыт жеринен 1.10га жер аянты жайыттар категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Сайкалова |