Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги II-сессиясы

 

2021-жылдын 10-июну № 8

2021-жылдын 10-февралындагы  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылдын 10-февралындагы  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

1.    Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын 2021-жылдын 10-февралындагы кезектеги XХXI сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2.    Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 169400 (бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз ) сомго жана иш-планы бекитилсин. 

3.    Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 100сом, музоого 70сом, жылкыга 120сом, кой-эчкиге 20 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га- 10 сомго бекитилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Төрага:

Р.Сайкалова