ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги II-сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 13
“Дары-Булак” эс алуу жайынын ачылышына макулдук берүү жана тарифин бекитип берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Кайыңды айылында жаңыдан ачылып жаткан “Дары-Булак” Балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборунун (лагерине) ачылышына макулдук берүү жана тарифтик бекитип берүү боюнча Кайыңды айылынын тургуну Ы.Мурзамамытовтун арызын жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын Кайыңды айылында жаңыдан ачылып жаткан “Дары-Булак” Балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборунун (лагерь) ачылышына макулдук берилсин.
2. “Дары-Булак” Балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборунун балдардын эс алуусуна кеткен чыгымдардын бир бала үчүн болгон чыгым 4595 (төрт миң беш жүз токсон беш) сомго макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Сайкалова |
“Дара” айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы
________________ Р Сайкалова
“____” __________2021-жыл
”Дары-Булак” балдарды тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоочу борборуна балдардын эс алуусуна кеткен чыгымдарынын
СМЕТАСЫ
№ | Көрсөткучтөрдун аталышы
| Суммасы (сом менен) | |
Жалпы 10 кундук чыгым | 1 окуучуга кеткен 10 кундук чыгым | ||
| Балдардын жалпы саны | 80 |
|
1. | Лагерге келген балдардан тушкөн киреше | 367 600 | 4595 |
2. | Жалпы чыгымдар | 367 600 | 4595 |
2.1 | Айлык акы | 55 000 | 688 |
2.2 | Соц.фондко чегеруу | 14 988 | 187 |
2.3 | Тамак -аш | 160 000 | 2000 |
2.4 | Жол кире | 48000 | 600 |
2.5 | Салык | 37000 | 463 |
2.6 | Комуналдык чыгымдар | 6500 | 81.25 |
2.7 | Башка чыгымдар | 24000 | 300 |
2.8 | Амартизация (оңдоо, материалдарды сатып алуу | 22 112 | 276,4 |
2,9 | Жылпы 1 (бир) балага 10 күндүк путёвканын баасы |
| 4595 |
”Дары-Булак” жоопкерчилиги чектелген
коомунун жетекчиси: С. Исмайылова
Башкы эсепчи: Г. Эркебаев