Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги II-сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 14
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун мүчөлүк төлөмдөрүн төлөөгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылган катын карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Жобосуна ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл өкмөтүнүн ФЕБ башчысы Ж.Токтоумовага жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Сайкалова |