Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 3
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылышы жана 2021-жылга карата индикативдик планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылышы жана 2021-жылга карата индикативдик планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзүлгөн индикативдик планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Сайкаловко жана айыл өкмөтүнүн экономист-статист башкы адиси К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Султанов |