Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 6
“Дара-Суусу” ИСКАКБсынын 2019-жылга аткарган иштери жана 2020-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсынын 2019-жылга аткарган иштери жана 2020-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара-Суусу” ИСКАКБсынын 2020-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 603260 (алты жүз үч миң эки жүз алтымыш) сом, чыгаша бөлүгү 603260 (алты жүз үч миң эки жүз алтымыш) сомго бекитилсин.
2. Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сом болуп белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20%, планга жетпесе 15% берилсин.
3. “Дара-Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Султанов |