Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 7
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2020-жылда аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2020-жылда аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2020-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 479220 (төрт жүз жетимиш тогуз миң эки жүз жыйырма) сом, чыгаша бөлүгү 479220 (төрт жүз жетимиш тогуз миң эки жүз жыйырма) сомго бекитилсин.
2. Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20% берилсин.
3. “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Султанов |