Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 8
“Дара Тазалык” МИнын 2020-жылда аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Дара Тазалык” МИнын 2020-жылда аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2020-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 685740 (алты жүз сексен беш миң жети жүз кырк ) сом, чыгаша бөлүгү 685740 (алты жүз сексен беш миң жети жүз кырк) сомго бекитилсин.
2. Дара Тазалык иш канасынан пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 10 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20% берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Султанов |