Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 11
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында 10га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл аймагынын Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында 10,0га сугат айдоо жеринин категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында 10,0га жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында 10,0га сугат айдоо жеринин категориясыны которууга трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |