Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 12
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы эски вино-заводдун батыш жана түштүк тарабынан 4,0га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы эски вино-заводдун батыш жана түштүк тарабындагы жайыт жеринен өндүрүштүк аймакка жол ачуу максатында 4,0га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Жаңы-Жер айылындагы эски вино-заводдун батыш жана түштүк тарабындагы жайыт жеринен өндүрүштүк аймакка жол ачуу максатында 4,0га жер аянтын “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы эски вино-заводдун батыш жана түштүк тарабындагы жайыт жеринен өндүрүштүк аймакка жол ачуу максатында 4,0га жер аянтын категориясыны которууга трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |