Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 13
Чек айылынын тургуну Т.Мурзаевага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну 1-группадагы майып Т.Мурзаевага тезинен жүрөгүнө операция жасалышы керек экендиги жана операция чет өлкөдө өткөрүлөөрү керек болуп жаткандыгы жөнүндө Чек айылынын тургуну Мурзаев Алимкулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну Мурзаева Токтоканга 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Султанов |