Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 14
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаңы-Жер айылдарына келген таза-суунун Бужум айлындагы суу кампанын башына эки күзөтчүгө келишимдин негизинде акча каражытын төлөп берүүгө жана видео көзөмөл орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаңы-Жер айылдарына келген таза суусунун Бужум айлындагы суу кампанын башына айыл тургундарынын ар кандай кесепеттерден коопсуздугунун алдын алуу жана сактоо максатында келишимдин негизинде эки күзөтчү алуу боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаңы-Жер айылдарына келүүчү таза суунун Бужум айлындагы суу кампанын башына келишимдин негизинде эки күзөтчүнүн ар биринин эмгек акысы 6000 сомдон болуп белгиленсин жана эмгек акы төлөө үчүн жылына 144000 (бир жүз кырк төрт миң) сом акча каражытын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаңы-Жер айылдарына келүүчү таза суусунун Бужум айлындагы суу кампанын башына видео көзөмөл орнотууга 30000 сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин
3. Дара айыл аймагынын Чек жана Жаңы-Жер айылдарына келүүчү таза суусунун Бужум айлындагы суу кампанын башына эки күзөтчүгө айлык акы төлөп берүү жана видео көзөмөл орнотуу жагын уюштуруу үчүн мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |