Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 15
“Дара-Суусу” ИСКАКБсынын 2021-жылга аткара турган иштерине көмөк көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсынын 2021-жылга карата Чек айылынын көчөлөрдөгү эскилиги жеткен трубаларын жаңылоо жана суу тартуу үчүн 270041 сом өлчөмүндөгү сумма керектеле турганы жөнүндө А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара-Суусу” ИСКАКБсы Чек айылынын Адилет көчөсүндөгү эскилиги жеткен трубаларды алмаштырууга, Кара-Бак көчөсү, Чек орто мектеби, ФАПка суу линиясын тартууга, Чек айылынын ичиндеги суу түтүктөрүн жаап кышка даярдоого жана 5 пайыздык кредиттик кайтарымды төлөөгө 270041 сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |