Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 16
Кайыңды айылынын тургуну жеке ишкер Ы.Мурзамамытовко материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кайыңды айылындагы балдарды тарбиялоо жана ден-соолугун чыңдоо максатында ачылган “Дары-Булак” эс алуу борборуна 40 даана эки кабаттуу керебет алып берүү жөнүндө жеке ишкер Ы.Мурзамамытовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” эс алуу борборун колдоо максатында 40 даана эки кабаттуу керебет алып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 300000 (үч жүз миң) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүндөгү тоголок жетим, жарым жетим жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын жыл сайын эс ауусун камсыздоо жагы “Дары-Булак” эс алуу борборунун эсебинен каржыланышы милдеттендирилсин.
3. Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |