Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 47
Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №44 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңырык айылына жаңыдан курула турган ма даният үйүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №44 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча А.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 2021-жыл үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |