Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 46
Кайыңды айылына жаңыдан курула турган жабык типтеги футбол аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №33-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кайыңды айылына жаңыдан курула турган жабык типтеги футбол аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №33-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды айылына жаңыдан курула турган жабык типтеги футбол аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №33-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Дара айыл аймагынын Кайыңды айылына жаңыдан курула турган жабык типтеги футбол аянтчасына 4364,753 (төрт миллион үч жүз алтымыш төрт миң жети жүз элүү үч) сом акча каражатын 2021-жыл үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Султанов |