Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 44
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы түндүк-чыгыш тарабындагы 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынын түндүк-чыгыш тарабынан 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Атылган-Таш участкасынан 200га жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы 200га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага: |
М.Султанов |