Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 45
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы өндүрүштүк аймактан 1 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын өндүрүштүк аймактан 1 га жер аянтына жемиш сактоочу камка куруу үчүн сураган жергиликтүү кеңештин депутаты Бабаев Абдилашимдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынындагы өндүрүштүк аймактан жемиш сактоочу камка куруу үчүн Абдилашим Бабаевке келишимдин негизинде 1 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын жер аянтын бөлүп берүү үчүн керектүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |