Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 43
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын инфраструктурасын колдоо максатында материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын Боз Үңкүр участкасынын тургандарынын эрте жазда мал чыгуучу жайды ашар жолу менен курулуп жаткан мал кармоочу айга 50 000 (элүү мин) сом өлчөмүндөгү көмөк көрсөтүү жөнүндө Кайыңды айылынын Боз Үңкүр участкасынын тургандарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын Боз Үңкүр участкасында ашар жолу менен курулуп жаткан мал кармоочу шыйпанча курууга, Кайыңды айылынын инфраструктурасын колдоо максатында 50000 (элүү мин) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |