Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 40
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы аллеяга күзөтчү штатын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы Баатырлар аллеясын кароо, оң абалда пайдалануу максатында күзөтчү штатын ачуу боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы Баатырлар аллеясына келишимдин негизинде күзөтчү штатын ачууга макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын Чек айылындагы Баатырлар аллеясына күзөтчү штатын ачуу, уюштуруу үчүн мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |