Редакцияот 22.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы

 

2020-жылдын 22-декабры № 39

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө электрик штатын ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө электрик штатын ачуу боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI  чакырылышынын   кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

1.    Дара айыл аймагында келишимдин негизинде электрик штатын ачууга макулдук берилсин.

2.    Дара айыл аймагында электрик штатын ачуу үчүн керектүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айылдык кеңештин админстративдик укуктук маселелеи боюнча туруктуу комиссиясына    жүктөлсүн.

 

Төрага:

М.Султанов