Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 36
Дара айыл аймагынын калкын жакырчылыктан чыгаруу жана калктын кирешесин көбөйтүү максатында бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу үчүн РЕСИХ программасын ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын калкын жакырчылыктан чыгаруу жана калктын кирешесин көбөйтүү максатында бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу үчүн РЕСИХ программасын ишке ашыруу үчүн керектелүүчү сумманы бекитүү боюнча даярдалган Дара айылдык Кеңешинин катчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн айылдарындагы бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу максатында РЕСИХ программасын ишке ашырууга макулдук берилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн айылдарындагы бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу максатында РЕСИХ программасын ишке ашыруу үчүн 233300 (эки жүз отуз үч миң үч жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Султанов |